Жогорку Кеңеште "Бишкек шаарындагы абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү чаралары тууралуу" токтом жактырылды

Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңеште "Бишкек шаарындагы абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү чаралары тууралуу" токтом жактырылды.

Токтом долбооруна 112 эл өкүлү "макул" деп добуш берди. Ал эми "каршы" деп эч ким добуш берген жок.

Токтомдун демилгечиси Марлен Маматалиев Бишкекти каптаган ыштын басымдуу бөлүгү Бишкек ЖЭБинен жана көмүр менен жылытылган чоң-чоң мекемелерден чыккан түтүндөн болуп жаткандыгын айтты. Ал шаарды газдаштыруу элге бир топ оор болуп жаткандыгын сандык салыштыруулар менен чечмелеп, андыктан үйүнө газ киргизүү чыгымдарын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу механизимин өкмөт иштеп чыгуусу керектигин белгиледи. "ЖЭБге жагыла турган сырттан келген көмүрлөр алда канча зыяндуу ыш чыгарат. ЖЭБдеги түтүн чыгуучу морлоруна эл аралык стандарттагы чыптагычтарды коюу керек. Борбор шаардын таштанды төгүүчү жайынан чыккан түтүн дагы калаанын абасынын бузулушуна салым кошуп жаткандыгы айтылып, таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу жол-жоболорунун баштоо тапшырмасы долбоорго киргизилген. Долбоорго өлкө боюнча К-4, К-5 эл аралык стандарттагы күйүүчү майларга толугу менен өтүү киргизилген. Ошону менен катар аткаруу бийлиги тарабынан электр менен жүрүүчү автомобилдерге өтүү чараларын тездетилиши керектиги белгиленген", - дейт Маматалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан