КҮНСОБОЛ: Баш калаанын бийлик өкүлдөрү жарым жылдан бери футболдук борбор куруу үчүн жер бөлүп берүүнү эмне үчүн чечпей жатат? Рысбай Аматов: "Шаардык кеңештин депутаттары ушул маселе менен күн өткөрүп жатышат"

Бишкекте Футбол борборун курууга жер бөлүп берүү маселеси каралууда, бирок чечим чыкпай жатат. Аталган борбор ФИФАнын гранттык каражаты менен салынат. Футбол федерациясынын башкы катчысынын орун басары Нурдин Букуевдин айтымында, жер маселеси ушул жылдын 31-декабрына чейин чечилбесе, ФИФА Футбол борборун башка өлкөгө курат. Бишкек шаардык кеңеште Футбол борборун курууга жер бөлүү маселеси эки күндөн бери талкууланып, жыйынтыкка келе албай жатышат.

SUPER.KG порталы "Футболдук борбор куруу үчүн жер тилке бөлүп берүүнү чечүү жагын Бишкек мэриясы менен Бишкек шаардык кеңеши создуктуруп жатат. Мындай жагдайда уланса, Кыргыз өлкөсү 10 миллион долларлык гранттан куржалак калат. Баш калаанын бийлик өкүлдөрү жарым жылдан бери жер бөлүп берүүнү эмне үчүн чечпей жатат?" деген собол салды.

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Рыспай Аматовдун айтымында, шаардык кеңештин депутаттары ушул маселе менен күн өткөрүп жатышат.

"Жарым жылдан бери жер бөлүп берүү маселеси чечилбей жатат деген маалыматты билбейм. Сессиянын күн тартибине бул маселе кирген. Буюрса, эртеңки сессияда ушул маселеге токтолуп, мыйзамдын негизинде туура, так чечебиз. Эки күндөн бери ушул маселенин үстүндөбүз. Депутаттардын бардыгы ушу менен гана күн өткөрүп жатат. Башка эч кандай ой жок. Бул маселени чечебиз деп отурабыз", - дейт Аматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан