Бишкекте Футбол борборун курууга жер бөлүп берүү маселеси каралууда, бирок чечим чыкпай жатат. Аталган борбор ФИФАнын гранттык каражаты менен салынат. Футбол федерациясынын башкы катчысынын орун басары Нурдин Букуевдин айтымында, жер маселеси ушул жылдын 31-декабрына чейин чечилбесе, ФИФА Футбол борборун башка өлкөгө курат. Бишкек шаардык кеңеште Футбол борборун курууга жер бөлүү маселеси эки күндөн бери талкууланып, жыйынтыкка келе албай жатышат.
SUPER.KG порталы "Футболдук борбор куруу үчүн жер тилке бөлүп берүүнү чечүү жагын Бишкек мэриясы менен Бишкек шаардык кеңеши создуктуруп жатат. Мындай жагдайда уланса, Кыргыз өлкөсү 10 миллион долларлык гранттан куржалак калат. Баш калаанын бийлик өкүлдөрү жарым жылдан бери жер бөлүп берүүнү эмне үчүн чечпей жатат?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев инвесторлорго жакшы шарт түзүп берүү керек деген пикирде.
"Атайын биздин мамлекетибизди футбол жактан колдоп, өздөрү акча бөлүп берейин деп жатса кош колдоп колдошубуз керек. Жөн эле жер эмес, ошол болгон жердин инфраструктурасынан бери карап, жасап беришибиз керек. Биз инвесторлорго жакшы шарт түзсөк, көп инвестор келет. Айтылып жаткан шылтоолор акылга дал келбей турган нерсе. Сөзсүз түрдө тез арада жер бөлүп берилиши керек. Бул көптөн бери айтылып келе жатат. Президент, премьер-министр, депутаттар да жер бөлүп берүү шарт деп айткан. Футбол борборун куруу үчүн жер бөлүп берүү маселесин мэриянын, шаардык кеңештин деңгээлинде чечилбесе буга биз киришебиз", - дейт Маматалиев.