"Бишкек шаардык кеңеши жана мэрия футболдук борборду курууга жер тилкесин бөлүүнү кечиктирбей чечет деп ишенгим келет" дейт Урмат Усенов. КҮНСОБОЛ

Бишкекте Футбол борборун курууга жер бөлүп берүү маселеси каралууда, бирок чечим чыкпай жатат. Аталган борбор ФИФАнын гранттык каражаты менен салынат. Футбол федерациясынын башкы катчысынын орун басары Нурдин Букуевдин айтымында, жер маселеси ушул жылдын 31-декабрына чейин чечилбесе, ФИФА Футбол борборун башка өлкөгө курат. Бишкек шаардык кеңеште Футбол борборун курууга жер бөлүү маселеси эки күндөн бери талкууланып, жыйынтыкка келе албай жатышат.

SUPER.KG порталы "Футболдук борбор куруу үчүн жер тилке бөлүп берүүнү чечүү жагын Бишкек мэриясы менен Бишкек шаардык кеңеши создуктуруп жатат. Мындай жагдайда уланса, Кыргыз өлкөсү 10 миллион долларлык гранттан куржалак калат. Баш калаанын бийлик өкүлдөрү жарым жылдан бери жер бөлүп берүүнү эмне үчүн чечпей жатат?" деген собол салды.

Маданият, маалымат жана туризм министринин кеңешчиси, ырчы Урмат Усенов бул маселе кечиктирилбей чечилишине ишеним арткысы келерин белгиледи.

"Эгер бул маселени чече элек болсо, демек жүйөлүү бир себептер бар. Анткени ар бир эле аткаминер, депутат мындай грантты өлкөнүн келечегине пайдаланып калууну көздөйт жана бул үчүн аракет көрөт. Менин ишенгим келет, шаардык кеңеш да, мэрия да мунун үстүнөн иштеп, футболдук борбордун курулушуна жер тилкесин аныктай алат. Гранттык он миллион доллардан куржалак калабыз деп айтуудан алысмын, тиешелүү тарап ага жеткирбей эле бул көйгөйдү чечет. Себеби ушул тапта өлкөдө спорттун бул түрү өнүгүп жатканын, жакшы жыйынтыктар көрсөтүлгөнүн баары билет", - деди Усенов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан