КҮНСОБОЛ: Баш калаанын бийлик өкүлдөрү жарым жылдан бери футболдук борбор куруу үчүн жер бөлүп берүүнү эмне үчүн чечпей жатат?

Бишкекте Футбол борборун курууга жер бөлүп берүү маселеси каралууда, бирок чечим чыкпай жатат. Аталган борбор ФИФАнын гранттык каражаты менен салынат. Футбол федерациясынын башкы катчысынын орун басары Нурдин Букуевдин айтымында, жер маселеси ушул жылдын 31-декабрына чейин чечилбесе, ФИФА Футбол борборун башка өлкөгө курат. Бишкек шаардык кеңеште Футбол борборун курууга жер бөлүү маселеси эки күндөн бери талкууланып, жыйынтыкка келе албай жатышат.

SUPER.KG порталы "Футболдук борбор куруу үчүн жер тилке бөлүп берүүнү чечүү жагын Бишкек мэриясы менен Бишкек шаардык кеңеши создуктуруп жатат. Мындай жагдайда уланса, Кыргыз өлкөсү 10 миллион долларлык гранттан куржалак калат. Баш калаанын бийлик өкүлдөрү жарым жылдан бери жер бөлүп берүүнү эмне үчүн чечпей жатат?" деген собол салды.

МАМАТАЛИЕВ: "Футбол борборун куруу үчүн жер бөлүп берүү маселесин мэриянын, шаардык кеңештин деңгээлинде чечилбесе, буга биз киришебиз"

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев инвесторлорго жакшы шарт түзүп берүү керек деген пикирде.

"Атайын биздин мамлекетибизди футбол жактан колдоп, өздөрү акча бөлүп берейин деп жатса, кош колдоп колдошубуз керек. Жөн эле жер эмес, ошол болгон жердин инфраструктурасынан бери карап, жасап беришибиз керек. Биз инвесторлорго жакшы шарт түзсөк, көп инвестор келет. Айтылып жаткан шылтоолор акылга дал келбей турган нерсе. Сөзсүз түрдө тез арада жер бөлүп берилиши керек. Бул көптөн бери айтылып келе жатат. Президент, премьер-министр, депутаттар да жер бөлүп берүү шарт деп айткан. Футбол борборун куруу үчүн жер бөлүп берүү маселесин мэриянын, шаардык кеңештин деңгээлинде чечилбесе, буга биз киришебиз", - дейт Маматалиев.

МАМАТОВ: "Шарт түзүлмөйүнчө күчтүү футболчулар чыкпайт"

Кыргыз Футбол федерациясынын президенти Канат Маматов тиешелүү шарт түзүлмөйүнчө күчтүү футболчулар чыкпайт деген пикирде.

"Футбол борборун грант алып келип куралы, Бишкектен ошого туура келе турган жер бергиле деп айтып жатабыз. Гранттын дагы бериле турган мөөнөтү болот да, 6 ай мурун айтканбыз жер чечилбесе, башка мамлекетке грант берилип кетет деп. Бүгүнкү күнгө чейин жер бериле элек. Эки күндөн бери шаардык кеңештин көпчүлүк депутаттары жер берели деп колдоп жатышат, бирок ишке ашпай жатат. Футбол борборлору курулбаса, кантип футболчулар чыгат, кантип биздин курама командаларыбыз күчтүү болот, каякта машыгышат? Башка мамлекеттерде жер бөлүп, мамлекет өзү борборлорду куруп берет, бизде болсо өзүбүз куруп алабыз жер эле бөлүп бергиле десек беришпейт. Анан кайдан бизде күчтүү футбол болсун? Шарт түзүлмөйүнчө, күчтүү футболчу чыкпайт, биринчи шарт түзүп берсек, анан жакшы жетишкендиктер болот. Эмнеге маселе чечилбей жатканын билбейм, менде болгон маалымат боюнча мэриянын бизге жана грант бере турган мекемеге туура келе турган жери бар", - дейт Маматов.

УСЕНОВ: "Бишкек шаардык кеңеши жана мэрия футболдук борборду курууга жер тилкесин бөлүүнү кечиктирбей чечет деп ишенгим келет"

Маданият, маалымат жана туризм министринин кеңешчиси, ырчы Урмат Усенов бул маселе кечиктирилбей чечилишине ишеним арткысы келерин белгиледи.

"Эгер бул маселени чече элек болсо, демек жүйөлүү бир себептер бар. Анткени ар бир эле аткаминер, депутат мындай грантты өлкөнүн келечегине пайдаланып калууну көздөйт жана бул үчүн аракет көрөт. Мен ишенгим келет, шаардык кеңеш да, мэрия да мунун үстүнөн иштеп, футболдук борбордун курулушуна жер тилкесин аныктай алат. Гранттык он миллион доллардан куржалак калабыз деп айтуудан алысмын, тиешелүү тарап ага жеткирбей эле бул көйгөйдү чечет. Себеби ушул тапта өлкөдө спорттун бул түрү өнүгүп жатканын, жакшы жыйынтыктар көрсөтүлгөнүн баары билет", - деди Усенов.

АМАТОВ: "Шаардык кеңештин депутаттары ушул маселе менен күн өткөрүп жатышат"

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Рыспай Аматовдун айтымында, шаардык кеңештин депутаттары ушул маселе менен күн өткөрүп жатышат.

"Жарым жылдан бери жер бөлүп берүү маселеси чечилбей жатат деген маалыматты билбейм. Сессиянын күн тартибине бул маселе кирген. Буюрса, эртеңки сессияда ушул маселеге токтолуп, мыйзамдын негизинде туура, так чечебиз. Эки күндөн бери ушул маселенин үстүндөбүз. Депутаттардын бардыгы ушу менен гана күн өткөрүп жатат. Башка эч кандай ой жок. Бул маселени чечебиз деп отурабыз", - дейт Аматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан