"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов мандатын тапшыруу үчүн арыз жазды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
Анын айтымында, арыз кечээ, 26-декабрда түшкөн. Бүгүн бул маселе каралышы мүмкүн экени айтылды.
Буга чейин Алмамбет Шыкмаматов мандатын тапшыра турганын билдирген. Ал "Ата Мекен" партиясынан чыгып жатканын дагы айтты. Шыкмаматов партиянын лидери Өмүрбек Текебаев менен болгон пикир келишпестиктен улам ушундай чечимге келгенин айтты. Ал партиядан кетүүгө мажбур экенин кошумчалады.