"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун депутаттык ыйгарым укуктары токтотулду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Шыкмаматовдун ордуна Нурбек Сыдыгалиев депутаттык мандатка ээ болду.
"Ата Мекен" партиясынын кийинки депутаттык тизмесинен Ташболот Балтабаев, Талант Узакбаев, Рысбек Мирзаматов, Болот Шер жазган арызынын негизинде чыгарылды.
Буга чейин Алмамбет Шыкмаматов мандатын тапшыра турганын билдирген. Ал "Ата Мекен" партиясынан чыгып жатканын дагы айтты. Шыкмаматов партиянын лидери Өмүрбек Текебаев менен болгон пикир келишпестиктен улам ушундай чечимге келгенин айтты. Ал партиядан кетүүгө мажбур экенин кошумчалады.