КҮНСОБОЛ: Шыкмаматов мандатын тапшырып, партиядан чыга турганын жарыя кылды. Муну парламенттик кризис жаралды, парламенттик шайлоо жарышына старт берилди деп кабыл алуу керекпи? Дүйшөбаев: "Муну парламенттик кризис деп айтканга болбойт"

Бүгүн, 27-декабрда Алмамбет Шыкмаматов мандатын тапшырды. Ошону менен катар эле ал "Ата Мекен" партиясынан чыгып жатканын дагы айтты. Шыкмаматов партиянын лидери Өмүрбек Текебаев менен болгон пикир келишпестиктен улам ушундай чечимге келгенин белгиледи. Ал партиядан кетүүгө мажбур экенин кошо кошумчалаган. Фракция лидерлигине Айсулуу Мамашова шайланды.

SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов мандатын тапшырып, партиядан чыга турганын жарыя кылды. Аны менен кошо партиядан Болот Шер, Ташболот Балтабаев өңдүү 4 саясатчы да кеткени маалым болду. Муну парламенттик кризис жаралды, эртеңки парламенттик шайлоо жарышына старт берилди деп кабыл алуу керекпи?" деген собол салды.

Коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев бул парламенттик кризис эмес деген пикирде.

"Фракциянын жетекчилигинен кеткен бул биринчи окуя эмес да. Мындай окуялар көп болот. Анын ордуна башка фракция лидери шайланып, чыгып кеткен депутаттын ордуна башкасы келет. Фракция өзүнүн ишин уланта берет. Бул нерсени парламенттик кризис деп айтыш кыйын. Парламенттеги депутаттардын саны аз фракциянын ичиндеги болуп жаткан кризис", - дейт Дүйшөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан