Айсулуу Мамашова "Ата Мекен" фракциясынын лидери болуп шайланышы тууралуу комментарий берди

Айсулуу Мамашова "Ата Мекен" фракциясынын лидери болуп шайланды. Депутат эки жолу добуш берүү болгонун айтты.

"Бизде эки жолу добуш берүү болду. Эки талапкердин ортосунда болгон добуштар 5тен болуп калды. Кесиптештерим башка талапкерди тандоону сунушташты. Анан "Айсулуу сен татыктуусуң" деп айтышса, тамаша катары кабыл алдым. Бирок добуш берүү болуп, бардыгы колдоп колун көтөрсө нес болуп калдым. Дагы деле өзүмө келе албай жатам", - дейт Айсулуу Мамашова.

Фракция лидерлигине Садык Шер-Нияз менен Сайдулла Нышанов ат салышкан.

Буга чейин Алмамбет Шыкмаматов мандатын тапшыра турганын билдирген. Ал "Ата Мекен" партиясынан чыгып жатканын дагы айтты. Шыкмаматов партиянын лидери Өмүрбек Текебаев менен болгон пикир келишпестиктен улам ушундай чечимге келгенин айтты. Ал партиядан кетүүгө мажбур экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан