Текебаев: "Шыкмаматовдун партиядан чыгуу боюнча расмий арызы түшө элек, түшсө биз аны партиядан чыгаруудан баш тартабыз"

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Алмамбет Шыкмаматов мандатын тапшырганы боюнча пикирин журналисттерге билдирди.

"Ар бир партиянын ичинде шайлоо алдында өздөрүнө гана тиешелүү эрежелери болот. Биз дагы шайлоо алдында ар бир аймакка бирден талапкер дайындаганбыз. Аз добуш алгандар орун бошотот деп жигитче кол алышканбыз. Бул нотариалдык жактан бекемделген. Бирок биздин партияда орун бошотпой койгон адамдар болгон. Ошон үчүн партиядан көп добуш алган 3-4 талапкер депутат болбой калышкан. Нарын облусунда Нурбек Сыдыгалиев менен Шыкмаматов иштешкен. Алар 2 жарым жылдан депутат болобуз деп сүйлөшүшкөн. Шыкмаматов мындан бир нече убакыт мурун ордун бошотушу керек болчу. Бирок анын үстүнөн иш козголуп, куугунтукталып жатканда мандатын алып койгон өлгөндүн үстүнө көмгөнгө барабар эле. Ошон үчүн Сыдыгалиев мандатты талап кылбай келген. Экөө дос болгон. Мындан бир нече убакыт мурун Шыкмаматов мандатын Сыдыгалиевге өткөрүп берем деп чечкен. Шыкмаматов жигитчилик кылып, сөзүнө туруп ордун бошотту.

Мен Шыкмаматов менен болгон пикир келишпестикти байкаган жокмун. Анын партиядан чыгуу боюнча расмий арызы түшө элек, түшсө биз аны партиядан чыгаруудан баш тартабыз", - дейт Текебаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан