Футбол борборун куруу үчүн бөлүнчү жер тилкеси "Елизавета" курулуш компаниясы көздөп жүргөн жер тилкеби?

Толугу менен үч күндөн бери Бишкек шаардык кеңеши жана Бишкек шаардык мэриясы футбол борборун куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүүнү чече албай жатышат.

25-декабрь күнү аягына чыгышпай, 26-декабрь да бир чечимге келишпей, бүгүн, 27-декабрда саат 9да баштала турган жыйын улам жылып отуруп, жер тилкени бөлүү маселесин иш убактысы бүткөндөн кийин кароого киришти. Бирок бүгүн деле жер тилкени бөлүп берүү чечилиши күмөн болуп турат.

Үч күн бою жыйындын жүрүшүндө жалпы жонунан жарым жылдан бери бул маселенин чечилиши кечиктирилип жатканына жөндүү себептер жок. Бишкек шаардык кеңешинин айрым депутаттарынын айтымында, чечим Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовго келип такалып жатканын айтышууда.

Ошол эле учурда социалдык тармактарда "футбол борборун куруу үчүн бөлүнө турган жер тилкеси бул "Елизавета" курулуш компаниясы көздөп жүргөн жер тилкесиби?" деп суроо салгандар болуп жатат. Аталган компания Суракматовдун үй-бүлөсүнө таандык экендиги маалым.

Буга чейин Футбол федерациясынын өкүлү Нурдин Букуев SUPER.KG порталына берген маегинде "Футбол борборун курууга 31-декабрга чейин жер маселеси чечилбесе, ФИФА грантты башка өлкөгө берип коёт" деп айткан. 5 миңдей жаш футболчулар тарбиялана турган футбол борборун курууга Бишкектин түштүк тарабынан 8 гектар жер суралып жатат. Анда 5 миң кишиге ылайыктуу стадион, 4 кичи стадион, медициналык борбор жана башкалар чогуу курулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан