Бишкек шаардык кеңешинин "Республика-Ата-Журт" фракциясы мэр Азиз Суракматовго ишенбөөчүлүк көрсөтөт. Бул тууралуу журналисттерге шаардык кеңештин аталган фракциядан депутаты Гүлнара Молдобаева билдирген.
Анын айтымында, фракциянын мэрге карата ишеним көрсөтпөө чечими футболдук борбордун курулушуна карата мэр бир да документке кол коё электиги менен байланыштуу.
Айта кетсек, 25-декабрдан бери Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары 28-сессиясына топтолушууда. Кечээ, 26-декабрда алар футболдук борборду курууга жер бөлүү маселесин карашмак. Сессия бүгүнкүгө жылдырылган болчу, бирок шаардык кеңештин депутаттары бул боюнча чечим мэрде калганын билдиришкен.
Бишкек шаардык кеңеши мэрияга Кыргыз республикасынын Футбол федерациясы менен футболдук комплексти курууга жер берүү боюнча протоколдук тапшырманы бекитүү тапшырмасын берген. Ага ылайык, мэрия Футбол федерациясына 6,5 гектар аянтты түзгөн жер тилкесин бөлүп бериши керек.