Кечээ, 28-декабрда Мамлекеттик ипотекалык компания менен Турак жайды ижара менен сатып алуу механизми боюнча келишим түзгөн жарандарга батирлерди тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, медицина, билим берүү, маданият жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү кызматкерлер Бишкек шаарынын Тунгуч кичи районундагы жаңы 9 кабаттуу үйдөн батир алышты. Жарандар турак жайды баштапкы төлөмсүз, насыяны жылдык үстөгү 6 пайыз менен 15 жылга алышты. Аларга турак жай насыя толугу менен төлөнүп бүткөндө катталат.
Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров 135 батирлүү үйгө борбордук жылуулук жана газ өткөрүлгөнүн, айнектери темир пластиктен жана кирүүчү эшиги темирден жасалганын эске салды.
Мамлекеттик ипотекалык компания иштеп баштагандан бери 4 500 жаран менчик турак жай ала алды.