Президент Сооронбай Жээнбеков Талас - Тараз унаажолунда жайгашкан Үрмарал суусундагы көпүрөнү реконструкциялоо боюнча гранттык макулдашууга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул Кыргыз өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы долбоор. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан 5-декабрда кабыл алынган. Көпүрөнү реконструкциялоо долбоорду ишке ашыруу максатында Япон өкмөтү Кыргыз Республикасына 16,4 миллион доллар өлчөмүндө грантты берет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.