Бүгүн, 30-декабрда Адам укугун коргоо боюнча координациялык кеңештин жыл жыйынтыгын чыгарган жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков координациялык кеңештин аянтчасында 2019-жылы адам укугун коргоо чөйрөсүндө 20дан ашык маселе талкууланганын айтты.
"Координациялык кеңештин аянтында адам укуктарын коргоо, адам укуктары чөйрөсүндө эл аралык милдеттемелерди ишке ашыруу жаатындагы улуттук баяндамалар талкууланды. БУУнун бир катар атайын баяндамачылары менен жолугушуулар өттү. Кыргыз Республикасы тарабынан адам укуктары боюнча эл аралык ченемдерди аткаруу жөнүндө улуттук баяндамаларды сунуштоонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган 2019-2021-жылдарга карата адам укуктары тууралуу иш-аракеттердин планы жактырылды", - деди Жеңиш Разаков.
Жыйындын жүрүшүндө Адам укугун коргоо боюнча координациялык кеңештин 2019-жылдагы ишмердүүлүгүнүн отчёту каралып, кабыл алынды. Кеңештин 2020-жылдагы иш планынын долбоору келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен бекитилди. Ошондой эле Адам укугун коргоо боюнча координациялык кеңештин чечимдеринин, 2019-жылдын иш планынын аткарылышы тууралуу маалыматтар айтылды. Муну менен катар өкмөткө караштуу Адам укугун коргоо боюнча координациялык кеңештин компетенциясына кирген башка маселелер дагы каралды.