Бүгүн, 31-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2019-жылдын негизги жыйынтыктары жана келерки 2020-жылдын артыкчылыктуу багыттары жөнүндө пикир алышуу болду.
Мамлекет башчы келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, бийликтин мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана сот бутактарынын эриш-аркак иштөөсүнүн натыйжасында өтүп бараткан жылы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө, соттук-укуктук реформаны жылдырууда сезилерлик натыйжаларга жетишүүгө мүмкүн болгонун баса белгиледи.
"Өтүп бараткан жыл ар түрдүү, анын ичинде эл аралык мүнөздөгү иш-чараларга бай болду. Биз биргелешип жарандардын бакубатчылыгын жогорулатуу, экономиканы өнүктүрүү боюнча иштерди улантабыз деп ишенем. 2020-жылы үч бийлик бутактарынын ишмердиги ошондой эле Кыргыз жарандарына пайда алып келе турчу жаратмандыкка багытталышы керек", - деп белгиледи мамлекет башчы.
Президент үч бийлик бутактарынын жетекчилерине бекем ден соолук, элдин бакубатчылыгын камсыздоого, өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган ишмердигине ийгиликтерди каалады.