Өкмөт 2019-жылдагы соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу боюнча ишинин жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 31-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, реформа аркылуу киргизилип жаткан жаңы институттар жана бир катар эскилеринен баш тартуу өлкөнүн укук коргоо органдарынын, сот органдарынын ишин толук кайра түздү. Ошондой эле жазык сот өндүрүшү тутумун кыйла өзгөртүп, аны гумандаштыруу багытына бурду.
"Өкмөт тарабынан 2019-жылы соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу боюнча көптөгөн комплекстүү иштер аткарылып, келип чыккан практикалык маселелерди чечүү үчүн ыкчам чаралар кабыл алынды. Жазык мыйзамынын өзгөчө институттарынын бири 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген "Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык тутуму.
Бирдиктүү реестрди киргизүү кылмыштарды жаап-жашырууну жоюп, бүгүнкү күнү өлкө боюнча жасалган Кылмыштардын жана жоруктардын, алар боюнча укук коргоо органдарынын ишинин жалпы сүрөттөмөсү түзүлдү. Бул систем аркылуу бардык жазык сот өндүрүшүн санариптештирүү жүрүүдө.
Соттук-укуктук реформанын жаңылыктарынын бири Бузуулар кодексин ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан "Бузуулардын бирдиктүү реестри" маалыматтык системи болуп саналат.
"Бузуулардын бирдиктүү реестри" системи бузуулар жөнүндө иштерди кароонун бардык баскычтарында, бузуу тууралуу протокол түзүүдөн баштап салынган айып пулду төлөөгө чейин ачык-айкындуулукту камсыздоого багытталган. Систем "Коопсуз шаар" модулу менен интеграцияланган, мында "Бузуулардын бирдиктүү реестри" системинде автоматтык режимде иштеген атайын техникалык каражаттардын жардамы менен катталган жол кыймылынын эрежелерин бузуулар чагылдырылат", - деп жазылат маалыматта.
33 мыйзам долбоор жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү. 40тан ашык мыйзам долбоорду 2020-жылдын башында парламенттин кароосуна киргизүү пландалды.