Президент Сооронбай Жээнбековду чет өлкөнүн бир катар мамлекет башчылары Жаңы жыл менен куттукташууда

Президент Сооронбай Жээнбековду чет өлкөнүн бир катар мамлекет башчылары Жаңы жыл менен куттукташууда. Бул тууралуу бүгүн, 31-декабрда президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Орусиянын президенти Владимир Путин Сооронбай Жээнбековду жана кыргыз элин Жаңы жыл менен куттуктады.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Кыргыз-Өзбек ортосундагы көп кылымдан берки ишеним, боордоштук жана жакшы кошуналык байланыштары көп кырдуу, узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн бекем фундамент болуп кызмат кыла турганын билдирди.

Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бири-бирин Жаңы 2020-жыл менен куттукташып, эки өлкөнүн кызматташтыгынын 2019-жылдагы интенсивдүү жана жакшы динамикалуу өнүгүшүн канааттануу менен белгилешти.

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, кызматташтыктын келечектүү маселелерин талкуулашты.

Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча процессти ылдамдатуу боюнча, ачык-айкын пландарды белгилешти.

Италиянын президенти Серджо Маттарелла: "Жаңы жылдын келиши сизге жана сиздин өлкөңүзгө куттуктоо жолдоо үчүн жагымдуу мүмкүнчүлүк берилип жатат. Сиздерге тынчтык, гүлдөп-өнүгүү жана бакубатчылык каалайм", - дейт.

Кореянын президенти Мун Чжэ Ин: "Корея Республикасы менен достугуңуз жана көрсөткөн колдооңуз үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Корей элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге Жаңы жылда бардык жакшылыктарды каалайм", - деп куттуктады..

Германиянын канцлери Ангела Меркель: "2020-жыл бардыгыбыз үчүн тынчтыктын жана жакшылыктардын жылы болсун", -дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан