Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков кыргыз элин Жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бул майрам адам өмүрүнүн дагы бир барагын артка калтырып, жакшы тилек-үмүттөрдү тартуулаган жаӊы жашоонун келе жаткандыгын жар салган күн. Айрыкча ушул күнү ар бир адам өткөн жылдагы жасаган иштерине саресеп салып, жаӊы жылга жакшы тилектер менен аттайт. Андыктан бул күндүн жалпы адамзат үчүн мааниси өтө жогору.
Быйылкы жылыбыз да өлкөбүз үчүн жемиштүү жылдардан болду. Президенттин демилгеси менен 2019-жыл "Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” катары жарыяланып, калк турмушун жакшыртуу менен жаңы технологияларды жайылтуу багытында алгылыктуу иштер жасалууда.
Жаңы жылдын босогосунда туруп, жалпы кыргызстандыктарга ынтымак жана биримдик каалайм. Себеби ааламдашуу доорунда өнүккөн мамлекеттердин улуу көчүнө кошулуу үчүн Кыргыз мамлекетинде ынтымак жана туруктуулук керек. Биздин алдыга койгон мүдөөбүз да, заман талабы да ушундай.
Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо жана майрамдык маанай каалайм. Өлкөбүз өнүгүп, 2020-жыл Кыргыз өлкөсү үчүн жаӊылануунун жана ырыс-куттун жылы болсун", - деп айтылат куттуктоодо.