Президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылды "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" деп жарыялады

Президент Сооронбай Жээнбеков жалпы кыргыз элин Жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Куттуктоонун мазмуну төмөндөгүдөй:

"Кадырлуу калайык журтум, урматтуу мекендештерим, сиздерди Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Аруу тилек, илгери үмүт менен 2020-жылдын босогосун аттаганы турабыз. Жаңы жыл жалпыбыз үчүн жакшылыктардын жылы болсун. Аксакалы жайкалган аталарыбыз, колунан берекеси төгүлгөн энелерибиз аман болсун.

Урматтуу кыргызстандыктар, жыл тогошоор алдында артка кылчайып, өткөнгө көз чаптырабыз, келерки жылга жаңы максаттарды коёбуз. Өтүп бара жаткан жылда сиздердин колдооңуздар менен өлкөбүздө бир катар алгылыктуу иштер аткарылды. Бишкек быйыл дүйнөлүк маанидеги иш-чаралардын борбору болду. Кыргыз өлкөсүнүн эл аралык аброюн бекемдедик. 2 жыл бою аймактарга астейдил көңүл бурдук. Бул багыттагы иштер 2020-жылы дагы уланат.

2019-жылы калкка кызмат көрсөткөн бардык мамлекеттик органдарды санариптештирүү башталды, кемчиликтер дагы да арбын. Бирок биз алган жолубуздан кайтпайбыз.

Ар бир адам үчүн бала - жашоонун маңызы. Ар бир ата-эне бала үчүн бардыгын жасоого даяр. Ошентсе да балдарыбыз мамлекеттин колдоосуна дайыма муктаж. Айрыкча аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим жана кароосуз калган балдарга камкордук көрүшүбүз зарыл. Балдарыбыздын дени сак, билими терең, коопсуздугу бекем болушу көңүл борборундагы маселе. Мамлекеттин балдарга карата камкордугун күчөтүп, артыкчылыктуу багыт катары аныктайбыз. Ушул максатта 2020-жылды региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоону чечтим", - деди президент куттуктоо сөзүндө.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Жаңы жылдык куттуктоосу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан