Президент Сооронбай Жээнбеков "Социалдык фонддун 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётун бекитүү тууралуу" мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган.
Аталган мыйзам менен Социалдык фонддун 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёту кирешелер боюнча 51 013,7 миллион сом суммасында, чыгашалар боюнча 50 309,7 миллион сом суммасында, кирешелердин чыгашалардан 704 миллион сом суммасында ашуусу менен бекитилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып, он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.