Бүт дүйнө бир өлкөнүн ызасына көз салып отурат... Ирандын экинчи таасирдүү адамы Дональд Трамптын буйругу менен өлтүрүлдү

Бүгүн, 3-январда Иранда экинчи таасирдүү адам болгон генерал Касем Сулеймани АКШнын президенти Дональд Трамптын буйругу менен өлтүрүлдү. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

Ирандын чет жердеги куралдуу операцияларын уюштуруусу үчүн жооптуу Сулеймани америкалык куралдуу күчтөрдүн ракеталык-бомбалык соккусунан улам каза болду. Мындайча айтканда, АКШнын Багдад шаарындагы элчилигине болгон кол салуу үчүн өлтүрүлдү.

Генерал Касем Сулеймани.
27-декабрь күнү Ирактын Киркук шаарына жакын жайгашкан аскердик базасына 30дан ашуун ракета чыгарылып, бул чабуулда АКШнын жана Ирактын бир нече жарандары набыт болгон. Америкалык бийлик Иран колдогон "Катаиб Хезболла" тобу кол салды деп күнөөлөп чыккан. 29-декабрь күнү АКШ аталган топтун Ирак жана Сириядагы позицияларын бомбалаган. Жыйынтыгында 24 адам каза болгон. 31-декабрь күнү "Катаиб Хезболла" тобунун тарапташтары Багдад шаарындагы АКШнын элчилигине жөө жүрүш уюштуруп, дипломаттар бир күнгө ишин токтотууга аргасыз болушкан. 3-январь күнү Багдад шаарындагы аэропорттон чыгып бара жаткан бир канча унаалар абадан чабуулга тушугушкан. Анда Сулеймани жана "Катаиб Хезболла" тобунун кол башчылары болгон.

Багдад аэропортунда өрттөнгөн унаалардын бири.
Маркум генерал өлкөсүндөгү бийликтин иерархиясында турган эң таасирдүү жана кадыр-баркы жогору адамдардын катарында эле. 2016-жылы президенттикке талапкерлердин бири катары каралган. Анын өлүмү Иранда гана эмес, бүт аймактагы абалга таасир бериши ыктымал. Батыш ЖМКлары Касем Сулейманини Ирандын мамлекет башчысынан кийинки эле экинчи адам, иш жүзүндө азыркы президентине караганда таасирдүү киши болгон деп эскеришүүдө. "Ал өмүр бою согуштарда жүрдү, аскерлер аны жакшы көрчү. Генерал токтоо, төрт тарабы төп келген жигит, стратегиялык жактан гений, жөндөмдүү тактик эле" деген америкалык генерал-лейтенант Марк Хертлинг. Америкалык ЖМКлар жазгандай, буга чейин Барак Обама да, Жорж Буш да Сулейманинин көзүн тазалоого батынышкан эмес анткени Иран менен согуш чыгып кетет деп чочулашкан.

Ирандын башкы лидери Али Хаменеи үч күндүк аза күтүүдөн кийин анын өлкөсү АКШга сокку урарын, Сулейманинин өлүмүнө тиешеси барлардын баарынан өч аларын жарыялады. Бул аралыкта АКШнын Мамлекеттик департаменти өз жарандарына Ирактын аймагынан тез арада чыгып кетүүсүн айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (39)
Kantana
2020-01-03 23:54:16
Акш бар учун орустар менен кытайлар кысып турат орустар орто Азияны кул кылмак Акш Германия жок болсо
+10
Djumahmatov
2020-01-03 23:58:04
Иштер чатак оорлошуп кетпесе болгону тынчтык болсо экен Аллахым
+3
Mina24
2020-01-04 00:17:54
Иран алга сокку ур американы жок кылчы
+7
Mina24
2020-01-04 00:22:42
Иранда атом бар америкадан 8 9 келсе жок кылат
+3
murat17
2020-01-04 00:28:30
Иран Америка согушуп коп деле каалабайм Иран женилип калат жашоосу Ирак Сирия Ливияга окшошуп калат Кытай Индия менен согушсун эл азаят
+6
murat17
2020-01-04 00:29:20
murat17,же Америка Кытай согушсун
+2
daniel87
2020-01-04 03:25:17
Ушунчалык сабатсыз калкпызбы? Же Эмнеге ушундайбыз? КОММЕНТТЕРДИ ОКУП ОТУРУП ыйлашыны же кулушуну билбейсинго.Кытай менен Индия согушсун деп жазгандарга тан калып жатам, кээ бирлери алар Шиийтер эч теке эмес Америка талкаласын дейтко, кээ бирлери болсо, Иран атомный бомбасы менен Американы жок кылсын деп жазыптыр.. Туугандар ушул коммент жазган мекендештерим кичине ойлонуп жазасынарбы?же мектепти бутуп эле сотовой тел алып эксперт болуп кеттинерби?????????
+7
Musafir
2020-01-04 03:43:20
daniel87, Умница экенсиңго э чоң кыз?)))))
-8
Sardarakam
2020-01-04 10:48:55
daniel87,
Мээси 99га гана иштейт экен, ой жүгүртүсү начар экен, комментарий жазгандар көбү БАЛА КЫЯЛДУ ой жүгүртөт экен, билим деңгели өтө төмөн экен, мындай ой жүгүркөндөр өздөрүнө зыяны ушул, жаш баладай ой жүгүркөндөр өтө көп кыргызстанда илим билимдин жетишсиздиги. Эми акылдуу адамдар коммент жазбайт бул жерге,
-3
nnn.sss
2020-01-05 22:28:29
daniel87,кошулам, Жер жузуно, деги эле адам баласына согуштун кереги жок
0
Musafir
2020-01-04 04:15:02
Делай Иран.
-3
temirov76
2020-01-04 08:29:12
Кытай согушабы Америка согушабы же башкасыбы айырмасы жок,согуш дегенин озу жакшы нерсе эмес,боодо эле куралсыз карапайым калктын да каны тогулот,жогоруда согушсун деп коммент жазгандар Антарктидага баргыла да озунор согуша бергиле тынч жашап жаткандарга тоскоол болбой.
+6
kechirmeni
2020-01-04 10:12:02
Чымчыктын да уйу бузулбасын. Ааламда тынчылык гана болсун, каерде болбосун согуш болбосун!!!
+7
ilgizk
2020-01-04 10:55:14
Тынчтык болсун ,согуш эч кимге кереги жок.
+7
Nourlan
2020-01-04 14:39:11
Ушул жерде комментарий калтыргандардын көбү орто мектепти толук бүткөнүнө күмөн санайм. Бул өлгөн генерал өзү Путин менен жакшы мамиледе болуп,жардам сурап, Сирияга орус аскерлерин киришине жоопкерчиликтүү адам экен. Мунун көзүн тазалап АКШ өкмөтү эң туура кадамга барды деп ойлойм.

+2
Mylatka..
2020-01-04 14:50:30
Nourlan,озунор деле орто мектепти эле буткондордун катарында окшойсун ))).Биринчилерден сирияга акшнын аскерлери кирип талкалап ,акыркы шываагаларга орусиянын аскерлери киргенин унутуп калыпсынбы ?!
-4
mirkaa5182
2020-01-04 15:52:49
талкуу катуу болуптурго, негизи тынчылык эле болсун, АКШ менен Иран согушса бизге деле зыяны тийет.
0
Musafir
2020-01-04 19:36:43
Интернеттеги кагаздын бетинде саны менен жазылган эле аскер күчүңөр менен мактана бербей, эми сапаты менен да майданда сынап көргүлөчү ошол аскер күчүңөрдү, сынай турган убакыт келди көрүнөт, и так сексен жылдан бери мактанасыңар аксерим күчтүү деп!
0
Dany
2020-01-04 20:58:41
Башка жанылык таппац атасынарбы, кечетен бери ушу туратко жаныланбай
-1
Sharipa-asia
2020-01-05 03:01:42
Дуйнодо тынчтык болсун,согуш болбосун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан