Бишкектин Арча-Бешик конушунда бычакталган жарандын өлүмүнө шектелип жаткан жаран Ленин РИИБине өзү келди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, 35 жаштагы шектүү М.К. 31-декабрь күнү апасы жана эжесинин коштоосунда келген. Учурда ал камакта.
21-декабрда Бишкектин Арча-Бешик конушунда үрөй учурган окуя катталган. Анда 57 жаштагы жаранды белгисиз бирөө бычактап кеткен. Кийинчерээк маркумду бычактап кеткенге биринчи турмушундагы баласы шектелип, ага издөө жарыяланган.