21-декабрда Бишкектин Арча-Бешик конушунда үрөй учурган окуя катталган. Анда 57 жаштагы жаранды белгисиз бирөө бычактап кеткен. Маркумду бычактап кеткенге биринчи турмушундагы баласы шектелүүдө. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.
Ал эми окуя болгон жердеги жашоочулардын айтымында, маркум устачылык менен алектенген.
"Каза болгон жаран окуя болгон күнү ушул жактагы бирөөнүн терезесин салып жүргөн дешти. Башка маалымат жок", - деди жашоочу.
Учурда шектүү катары М.К. аттуу 1984-жылы туулган жаран изделүүдө.