Улуттук банктын төрагасы президентке 2020-жылга карата пландар тууралуу маалымат берди

Бүгүн, 6-январда президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Толкунбек Абдыгулов Улуттук банктын жана банк тармагынын 2019-жылдагы ишинин жыйынтыктары жана 2020-жылга карата пландары жөнүндө маалымат берди.

"2019-жыл Улуттук банк үчүн гана эмес, өлкөнүн бүт финансылык системи үчүн жакшы көрсөткүчтөр менен аяктады. Жыл жыйынтыктары боюнча банк системинин активдери 25 миллиард сомго же 11 пайызга жогорулады. Насыялык портфель жана депозиттик база 15 жана 13 пайызга көбөйдү. Насыялар жана депозиттер боюнча долларлашуу төмөндөөдө. Жыл жыйынтыгы боюнча насыялык портфелдин долларлашуусу 2,5 пайызга, ал эми депозиттик портфелдин долларлашуусу 6,4 пайызга төмөндөдү. Мындан тышкары, Улуттук банктын алтын-валюта резервдери акыркы 5 жылда тарыхый жогорку чекке жетип, 2 миллиард 417 миллион долларын түздү. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын кирешеси 2 миллиард 560 миллион сомду түздү", - деп маалымдады Толкунбек Абдыгулов.

Ал кошумчалагандай, негизинен көбөйүү улуттук валютада берилген насыялар боюнча байкалууда. Насыялоонун көлөмүн кеңейтүү өлкөнүн бардык аймактарында белгиленип жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков туруктуу макроэкономикалык абалды камсыздоо жана улуттук валютанын туруктуулугун кармап туруунун маанилүүлүгүнө көңүл буруп, төлөм системдерин, санарип валютаны жөнгө салуу жаатында мыйзамдарды жакшыртуу жана финансы тармагында заманбап технологияларды киргизүү зарылдыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан