Орусия Кытайдан келген цитрус жемиштерин өлкө аймагына киргизүүгө тыюу салды

Орусия Кытайдан келген цитрус жемиштерин өлкө аймагына киргизүүгө тыюу салды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Мындай чечим 30-декабрда Кытайдын башкы бажы башкармалыгы менен сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин кабыл алынганын билдирген.
"Себеби Кытайдын Орусиянын жемиштерге койгон талабын аткарууга жумшалган чаралары эффективдүүлүгүн көрсөтө алган эмес. Ал жактан келген мандариндерден ден соолукка коркунуч жарата турган карантиндик палочкалар табылганын ачыктаган",- деп жазылат маалыматта.
2019-жылдын 11 айында Кытай Орусияга 240,6 миң тонна жер-жемиш киргизсе, анын ичинен 151,2 миң тоннасы цитрус жемиштери болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bema_bema
2020-01-07 19:14:31
Ана сага ушулардын баары бизге келет
+9
milan-707
2020-01-07 21:00:07
bema_bema,уже келген базарларда тура борум
+5
titanik32
2020-01-08 07:17:18
Бизде Кыргызстанга толуп кетти го кирип эле жатат цитрус жемиштери,биздин ушул нерсеге тиешелүү бок курсак акмак чоңдор да карап көз салып коюшбайбы же биздин жарандар кырыла беришсинби,?Мен өзүм көрүп жаткан Өзгөн шаарынын базарына күндө эле келип жатат Бишкектен цитрус жемиштери.Россияга отбосо бизге толтуруп жиберет го Кытай тарап.
+3
Dembele84
2020-01-08 12:18:49
Баягы эле койдон жоош бейкапар кыргыздарга зыяны тиет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан