8-январга караган түнү Иран мамлекети АКШнын Ирактагы "Аль-Асад" аскердик базасына ракеталык-бомбалык сокку жасады. Ирандын Ислам революциясын коргоочулар корпусу чабуул жасагандан кийин, АКШны Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү аскердик базаларын чыгарып кетүүгө чакырган. Ракеталык-бомбалык сокку 30дан ашуун ирет болду. Мындай сокку генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу экенин чабуул жасаган тарап билдирген.
Кыргыз мамлекетиндеги “Манас” эл аралык аэропортунда АКШнын аскердик базасы 2001-жылы ачылган. 2009-жылы Курманбек Бакиев президент болуп турганда жаңы келишим түзүлүп, мурдагы "Манас" аба базасынын аталышы жөн гана транзиттик борбор болуп өзгөртүлгөн. Келишимге ылайык, борбордун иштөө мөөнөтү 2014-жылдын 10-июлунда аяктаган. Алмазбек Атамбаевдин убагында бул келишимди узартуудан баш тартылып, америкалык база өлкөдөн чыгарылган.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Манас" аэропортундагы АКШнын аскердик базасы чыгарылбаганда учурдагы АКШ-Иран чыры Кыргыз өлкөсүнө кандай таасир тийгизмек?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алишер Мамасалиевдин айтымында, АКШнын аскердик базасы чыгарылбаганда учурдагы АКШ-Иран чыры биздин өлкөбүзгө эч кандай таасир тийгизмек эмес.
"Кыргыз мамлекети менен Ирандын бүгүнкү күндө абдан жакшы жана тыгыз дипломатиялык мамилеси түзүлгөн. Эскертип кетейин, Ирандын президенти Хасан Рухани былтыр 13-июлда Бишкекке ШКУнун саммитине келип президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуп кеткен. Андан тышкары, Хасан Рухани Кыргыз мамлекетинде иш сапары менен үч жолу болгон, ортобузда бир топ маанилүү экономикалык жана эл аралык келишимдерге кол коюлган. Ошонун баарын эске алганда "Манас" аэропортунда АКШнын аскердик базасы чыгарылбаганда учурдагы АКШ-Иран чыры биздин өлкөбүзгө эч кандай таасир тийгизмек эмес. Дагы бир маселени эске алышыбыз керек Кыргыз мамлекети Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун мүчөсү, өлкөбүздө аталган уюмдун аскер авиабазасы жайгашкан", - дейт Мамасалиев.