2019-жылдын башында SUPER.KG порталы "Бул жылы президент Сооронбай Жээнбековдон эмнелерди күтүүгө болот?" деп собол салган эле. Арадан туура бир жыл өттү. Соболго жообун узаткан белгилүү саясатчылар жана эксперттердин жоромолдору туура келдиби же жокпу, карап көрөлү.
Мурдагы элчи Кылычбек Султан "Жээнбеков бул жылды реформалардын эмес, репрессиялардын жылына айлантат..." деп айткан эле.
Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбеков "Быйыл аймактарды өнүктүрүү иши улантылат” деген.
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев президент мамлекеттик кызматтардагы коррупциялык иштерди катуу көзөмөлгө алат деген оюн билдирген.
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев мамлекет башчы 2019-жылы "аймактарды санариптештирүү иштерине басым жасайт" деп айткан.
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков президент эмне иштерди кылышы керектигин гана айтып, бирок андан эмнелерди күтүүгө болорун айткан эмес.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков 2019-жыл Сооронбай Жээнбеков үчүн оор жыл болорун билдирген.
Экономика боюнча эксперт Айылчы Сарыбаев “Быйыл күчүнө кирген кодекстер президенттин ишине таасирин тийгизет” деген.
Саясат таануучу Эмилбек Жороев 2019-жылы парламенттик шайлоого карата бир топ өзгөрүүлөр болот деп божомол кылган.
Саясат таануучу Орозбек Молдалиев да Момбеков сыяктуу "жасаш керек" деген өңдүү иштерди айтып өтүп, 2019-жылы чоң иштерди деле күтпөй турганын айткан.
Саясат таануучу Игорь Шестаков “Президент кадрдык жактан пайдубалын бекемдөөнү улантат” деген.
Жарандык активист Адил Турдукулов мамлекет башчы жасашы керек болгон иштерге гана токтолгон.
Жогорудагы респонденттердин өткөн жылга карата жоромолдору ар түрдүү болгону менен 2019-жыл саясий айдыңды оппоненттерден тазалоо менен өткөнү эсте калды. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бир катар саясатчыларга каршы кылмыш иштери ачылып, айрымдары тергөө иштери аяктаганча камакка алынышты. Темир тор артындагы жана кылмыш иши козголгон саясатчылар тууралуу кенен маалымат окуу үчүн ушул шилтемени басып өтүңүз.