8-январга караган түнү Иран мамлекети АКШнын Ирактагы "Аль-Асад" аскердик базасына ракеталык-бомбалык сокку жасады. Ирандын Ислам революциясын коргоочулар корпусу чабуул жасагандан кийин, АКШны Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү аскердик базаларын чыгарып кетүүгө чакырган. Ракеталык-бомбалык сокку 30дан ашуун ирет болду. Мындай сокку генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу экенин чабуул жасаган тарап билдирген.
Кыргыз мамлекетиндеги “Манас” эл аралык аэропортунда АКШнын аскердик базасы 2001-жылы ачылган. 2009-жылы Курманбек Бакиев президент болуп турганда жаңы келишим түзүлүп, мурдагы "Манас" аба базасынын аталышы жөн гана транзиттик борбор болуп өзгөртүлгөн. Келишимге ылайык, борбордун иштөө мөөнөтү 2014-жылдын 10-июлунда аяктаган. Алмазбек Атамбаевдин убагында бул келишимди узартуудан баш тартылып, америкалык база өлкөдөн чыгарылган.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Манас" аэропортундагы АКШнын аскердик базасы чыгарылбаганда учурдагы АКШ-Иран чыры Кыргыз өлкөсүнө кандай таасир тийгизмек?" деген собол салды.
Саясат таануучу Орозбек Молдалиев АКШ-Иран чыры Кыргыз өлкөсүнө эч кандай таасир тийгизмек эмес деген оюн айтты.
"Ирактагы аскердик базасына сокку жасалганы башка кеп. "Манас" аэропортундагы АКШнын аскердик базасы чыгарыла электе Иран аткылап салат деп коркутушчу. Биздин Иран менен мамилебиз жакшы. Аскердик база биздин аймакта болгондон кийин Ирактагы базадай кылып сокку жасалбайт эле. Ирактагы абал башка, ал жакта согуш жүрүп жатат. Аларга силердин базаңарга сокку болот деп эскерткен. Нааразычылыктар күчөп кетсе коркунуч болушу мүмкүн болчу. Азыркыдай абалда өтө чоң коркунуч болбойт. Биздин Иран менен мамилебиз жакшы эле өнүгүп жатат", - дейт Молдалиев.