Сооронбай Жээнбеков президенттик аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйналыш өткөрдү

Бүгүн, 8-январда президент Сооронбай Жээнбеков президенттик аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйналыш өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда 2019-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, 2020-жылга карата максаттар жана артыкчылыктуу милдеттер талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо" деп жарыяланган жылдын алкагында пландалган иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу зарылдыгына көңүл бурду. Ал мамлекеттин бакубатчылыгы үй-бүлөнүн бакубатчылыгынан түздөн-түз көз каранды экенин белгиледи.

"Бүгүн өлкөбүздө ишке ашырылып жаткан санариптик трансформация бизге мамлекет менен жеке сектор жана жарандардын ортосундагы өз-ара карым-катнаштын жаңы платформаларын түзүүгө мүмкүндүк берет. Ошондуктан бул багытта алдыбызга койгон дымактуу милдеттер аткарылышы шарт.

Биздин жеке тажрыйбабыз көрсөткөндөй, өлкөдө реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу адилеттүү сот системинен көз каранды. Биз баштаган соттук-укуктук реформаны улантышыбыз керек", - деди президент.

Тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыттар жөнүндө айтып жатып мамлекет башчы жакынкы өнөктөштөр жана алыскы чет мамлекеттер менен өз ара пайдалуу жана натыйжалуу диалогду улантуу зарылдыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан