Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук маселеси ачык айтылбай, жаап-жашырылып келүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда өкмөттүн басма сөз кызматы маалымат таратты.
"Үй-бүлөдөгү зомбулук – бул бүтүндөй коом үчүн трагедия. Коомдун үрөйүн учурган аялдарга карата жасалган катаал мамиле фактыларын мамлекет көңүл буруусуз калтырбайт. Коом мындай ырайымсыздыкка көз жумуп койбошу керек. Ошондуктан өлкөдө аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулукка каршы маанай түзүлүүсү зарыл", - дейт Абылгазиев.
Өкмөт башчы Баткен жана Нарын облустарында жаш энелердин өлүмүнө алып келген үй-бүлөлүк зомбулук фактылары тууралуу жаңылыктар акыркы күндөрү өлкөнү дуу кылганын билдирет.
"Алар үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун курмандыгы болуп, балдар жетим калышты. Энелери күйөөлөрүнүн колунан каза болушту, алар жасаган кылмышы үчүн катаал жазага тартылышат. Акыркы каргашалуу окуялар бүгүнкү күнү үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүү көйгөйү болуп көрбөгөндөй актуалдуу экендигин ачык күбөлөндүрөт. Тилекке каршы, өлкөбүздө аялдар жакындары тараптан зомбулук көргөн учурлар аз эмес. Алар ар кандай себептерден улам ур-токмокко алынып, кордук көрүп келишет. Үй-бүлөдөгү катаал мамиле трагедиялуу аяктаган айрым учурлар бар. Бул жалпы коом үчүн кооптуу белги, анткени жакындарына карата агрессия көрсөткөн адамдар арабызда жүрүшөт. Алар үй-бүлөлүк зомбулукту адаттагыдай, мыйзамга каршы келбеген, адам укуктарын жана эркиндигин бузбаган көрүнүш катары көрүшөт. Үй-бүлөлүк зомбулук – бул инсанга каршы кылмыш жана бүтүндөй коомдун трагедиясы. Тилекке каршы, көп жылдардан бери үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук маселеси ачык айтылбай, жаап-жашырылып келүүдө. Ошентсе да үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук – бир бүлөнүн жеке көйгөйү эмес. Бул укук бузуу, коом мындай ырайымсыздыкка көз жумуп койбошу керек. Зомбулук көрсөткөн адамды актай турган себеп жок жана болбойт дагы. Өлкөдө аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулукка каршы маанай түзүлүүсү керек. Үй-бүлөдөгү ынтымак менен ырашкерлик – бул жогору баалап, коргой турган жашоодогу маанилүү баалуулук экенин ар бир адам түшүнүүсү зарыл. Ден соолугу чың, бактылуу аялзаты – бейпил үй-бүлөнүн жана бакубат улуттун кепилдиги", - деп жазылат маалыматта.
Мухаммедкалый Абылгазиев жарандарды үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан коргоону камсыз кылуу механизмдерин жакшыртуу боюнча улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү иштерин активдештирүүнү тапшырды.
Муну менен катар үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук жана балдарга жасалган катаал мамиле үчүн жазаны күчөтүү маселесин изилдөө боюнча жумушчу топтун ишмердүүлүгүн тездетүү тапшырмасы берилди. Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, бул иш жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен тыгыз кызматташуунун негизинде аткарылышы керек.
Премьер-министр Ички иштер министрлигине, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдары менен биргеликте үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук маселеси боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.