1-январга караган түнү Кочкор районундагы Жаңы-Жол айылында жашаган келиндин жансыз денеси табылган. Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, маркумдун жолдошу келинчеги экөө үйүндө акча тууралуу пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, аялын эки жолу жаак тушка муштум менен чаап, андан соң каракуш тушуна бир жолу бут менен тээп жиберген.
3-январь күнү Баткен шаарынын тургуну менен 7 жылдан бери чогуу жашаган аялынын ортосунда чыр чыккан. Анын кесепетинен келин каза болгон. Текшерүү учурунда маркумдун колу-буту күйүктөн улам, этинин териси шылынган жаракаты бар экени аныкталган.
4-январда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жолдошу жубайына бензин чачып, өрт коюп жиберген. Анда келиндин манжалары, бети жана буту күйгөн.
SUPER.KG порталы "Жыл башынан бери эки келин күйөөсүнүн токмогунан улам каза болду. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту токтотуу үчүн кандай иштер жетишсиз болуп жатат?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев бул маселелер парламентте дагы көтөрүлө турганын айтты.
"Биринчиден, тарбиялык иштер, жоопкерчилик болушу керек. Акыркы эки фактыны алганда негизинен бул жашоо-шарттын начардыгынан болуп жатат. Экинчиден, үй-бүлөлүк институттун каралбаганы дагы буга себеп болууда. Үй-бүлө курууда эч кандай даярдыктар көрүлбөй, көңүл бурулбай жатат. Ички, тышкы миграциянын күчөгөнүнөн балдар ата-энелик тарбия албай калып жатышат. Тилекке каршы, ата-энеси башка өлкөдө иштеп, туугандарынын үй-бүлөсүндө тарбияланган балдар үй-бүлө эмне экенин билбей калганы да себеп болуп жатат. Мурда балдар ата-эненин колунда өсүп, мындай маселелер азыраак болчу. Үчүнчүдөн, мыйзамдарды карап, жоопкерчиликти күчөтүү керек. Ушул маселелер боюнча катуу чара көрбөсөк, бүгүнкү күндө балдарга, аялдарга карата зомбулуктар күчөп баратат. Бул боюнча тийиштүү органдар иш алып барышы зарыл. Парламентте дагы бул маселени көтөрөбүз", - дейт Тиллаев.