Өткөн жылдын 27-декабрында "Ата Мекен" фракциясынын лидерин шайлагандан кийин Өмүрбек Текебаев журналисттерге комментарий берип жатып, Алмамбет Шыкмаматов менен Нурбек Сыдыгалиев 2 жарым жылдан депутат болобуз деп сүйлөшкөнүн айткан.
Бирок бир күндөн кийин Нурбек Сыдыгалиев айрым маалымат булактарына мандат боюнча келишим, сүйлөшүү дагы болбогонун билдирген. "Шыкмаматов менен бир жерденбиз, ага-ини болуп жүрөбүз. Ортобузда мандат боюнча келишим, сүйлөшүү дагы болгон эмес", - деген ал.
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Нурбек Сыдыгалиевдин айтканы боюнча пикирин журналисттерге билдирди.
"Мага жалган айтып эмне зарыл? Мен сүйлөшүү болгонун бетине айтканда башын ийкеп отурганын баары билет. Талант Узакбаев деле кантип арыз жазгандары боюнча жооп берди го. Адамдарда абийир болушу шарт. Кичинекей конъюнктуралык кызыкчылык үчүн жалган айтпаш керек. Эгерде алардын ортолорунда андай сүйлөшүү болбосо, анда мен эмнеге антип жалган айтам? Алмамбет Шыкмаматовду башка себеп менен эле кетирип жибердик деп айтмакмын да. Антип айткан жокмун. Шыкмаматовду акыркы жолу туулган күнүмдө көрдүм. Ошондо "Алмамбет, мени соттоп жиберет деген сөздөр чыгып жатат. Мен соттолсом жападан жалгыз лидер сен болосуң, Болот Шер да ооруп жүрөт. Дүйшөнкул Чотонов экөөбүздү сот менен тушайт. Сен тизмени баштап, партияны шайлоого алып барасың, команданы жыйна" деп айткам. Муну да жалган дей алышабы?", - дейт Текебаев.