1-январга караган түнү Кочкор районундагы Жаңы-Жол айылында жашаган келиндин жансыз денеси табылган. Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, маркумдун жолдошу келинчеги экөө үйүндө акча тууралуу пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, аялын эки жолу жаак тушка муштум менен чаап, андан соң каракуш тушуна бир жолу бут менен тээп жиберген.
3-январь күнү Баткен шаарынын тургуну менен 7 жылдан бери чогуу жашаган аялынын ортосунда чыр чыккан. Анын кесепетинен келин каза болгон. Текшерүү учурунда маркумдун колу-буту күйүктөн улам, этинин териси шылынган жаракаты бар экени аныкталган.
4-январда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жолдошу жубайына бензин чачып, өрт коюп жиберген. Анда келиндин манжалары, бети жана буту күйгөн.
SUPER.KG порталы "Жыл башынан бери эки келин күйөөсүнүн токмогунан улам каза болду. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту токтотуу үчүн кандай иштер жетишсиз болуп жатат?" деген собол салды.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту токтотууну көп тараптуу караш керек деген пикирде. "Балким эркектердин психологиясында, үй-бүлөсүндө, жумушунда көйгөй болуп жаткандыр. Аялдар алсыз, үйдө бала менен отуруп акчадан көз каранды деп биз психологиялык жактан аларга жардам берип эркектерге көңүл бурулбай калган. Эркектер үчүн программаларды, долбоорлорду иштеп чыгуу зарыл окшойт деген ой бар. 2018-жылдын статистикасы боюнча жаңы төрөлгөндөн 39 жашка чейинки кыздардын саны эркектерден 27 миңге аз, 40-55 жашка чейин бирдей экен. Ал эми 55 жаштан ашкандан кийин эркектер азайып кетет экен. Мүмкүн алар ичиндеги ойлорун, көйгөйлөрүн ачык айта албай жүргөндүр. Жүрөк оорусу боюнча эркектер биринчи орунда турат экен. Жол кырсыктарына көп кабылышат. Буга сөзсүз түрдө социолог, психологдор иликтөө жүргүзүшү керек. Балким ошол зордук-зомбулук колдонууга барып жаткандыгынын себептери ушул жактан чыгып калышы мүмкүн. Ушул боюнча иштеш керек окшойт. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту токтотууну көп тараптуу караш керек", - дейт Абдирасулова.