Премьер-министр Кыргыз-Казак чек ара тилкесиндеги түзүлгөн кырдаалды чечүү үчүн бардык зарыл чараларды кабыл алууну тапшырды

Казак тараптын Кыргыз Республикасы менен Казак Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана жүктөрдү алып өтүүдөгү кошумча текшерүүлөрдү киргизүүсү ЕАЭБдин нормаларына каршы келет. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Казакстандын аймагы аркылуу Кыргыз мамлекетине товарларды ташууда тараптар Кыргыз-Казак өкмөттөр аралык 8-кеңешинде жүк ташуучулардын кызыкчылыгында Казакстандын аймагы боюнча товарларды тоскоолдуксуз ташуу үчүн навигациялык пломбаларды киргизүү жолу менен жүктөрдү текшерүүнү камсыздоо механизмин иштеп чыгууга макулдашышкан. Бирок товарларды көзөмөлдөөнүн бул эки тараптуу чаралары тараптар аны колдонуу механизмдерин так сактаган мезгилде гана мааниге ээ. Казак тараптын бир тараптуу кабыл алган чечиминен улам Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы "Ак-Тилек автожол" өткөрүү пунктунун жанында оор жүк ташуучу автоунаалар топтолуп калууда. Бул жагдайга байланыштуу Кыргыз өкмөтү тынчсыздануусун билдирип, Казакстанды интеграциялык бирликтин алкагында товарларды эркин өткөрүү боюнча кабыл алынган милдеттемелерди аткарууга чакырат", - деп жазылат маалыматта.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев түзүлгөн жагдайга байланыштуу мамлекеттик органдарга Кыргыз-Казак чек ара тилкесиндеги кырдаалды чечүү үчүн Казакстандын тиешелүү органдары менен сүйлөшүүлөрдү активдештирүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына Кыргыз-Казак чек арасынан өтүүдө келип чыккан кесепеттерди азайтуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Кыргыз өкмөтү пайда болгон суроолор боюнча ыкчам түрдө ачык жана конструктивдүү макулдашууну колдойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан