1-январга караган түнү Кочкор районундагы Жаңы-Жол айылында жашаган келиндин жансыз денеси табылган. Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, маркумдун жолдошу келинчеги экөө үйүндө акча тууралуу пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, аялын эки жолу жаак тушка муштум менен чаап, андан соң каракуш тушуна бир жолу бут менен тээп жиберген.
3-январь күнү Баткен шаарынын тургуну менен 7 жылдан бери чогуу жашаган аялынын ортосунда чыр чыккан. Анын кесепетинен келин каза болгон. Текшерүү учурунда маркумдун колу-буту күйүктөн улам, этинин териси шылынган жаракаты бар экени аныкталган.
4-январда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жолдошу жубайына бензин чачып, өрт коюп жиберген. Анда келиндин манжалары, бети жана буту күйгөн.
SUPER.KG порталы "Жыл башынан бери эки келин күйөөсүнүн токмогунан улам каза болду. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту токтотуу үчүн кандай иштер жетишсиз болуп жатат?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы бардык мамлекеттик органдар чогулуп, иш жасашы керектигин айтты. "Биз канчалаган мыйзам чыгарып жатабыз, бирок ушундай окуялар кайталанууда. Мыйзамдардын аткарылышы эң маанилүү нерсе. Бул мыйзамдарды аткаруу үчүн бардык мамлекеттик органдар чогулуп, иш жасашы керек. Азыркы учурда ар бир орган өзүнчө иш алып барып жатат. Биз, депутаттар ушундай көйгөйлөрдү алып чыгып, мындай чараларды колдонушубуз керек деп айтабыз. Өкмөт жактан ушуну жакшы көзөмөлгө ала албай жатышат. Мамлекеттик органдар, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү кеңештин депутаттары, жарандык коом чогулуп, иштешибиз керек. Чоң көйгөйгө көңүл буруу зарыл. Зордук-зомбулук болуп жатса, жарандар маалымат бериши керек. Баарыбыз чогулуп иш алып барбасак жыйынтык болбойт", - Исмаилова.