Президент өлкөнүн бюджеттик саясатынын негизги багыттары конкреттүү жыйынтыктарга багытталышы керектигин белгиледи

Бүгүн, 9-январда президент Сооронбай Жээнбеков финансы министри Бактыгүл Жээнбаеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы 2019-жылы каралган республикалык бюджеттин аткарылышы жана 2020-жылга карата бюджеттик саясаттын негизги багыттары жана параметрлери менен таанышты.

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева маалымдагандай, 2019-жылдын январь-декабрь айларында Мамлекеттик бажы кызматынан түшкөн каражат 43 296,3 миллион сомду түзүп, 2018-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 1 624,4 миллион сомго көп болгон. Мамлекеттик салык кызматынан түшкөн киреше 62 632,8 миллион сомду түзүп, 2018-жылдын көрсөткүчүнө караганда 567,8 миллион сомго өскөн. 2019-жылдагы расмий которуулардын көлөмү 13 275,4 миллион сомду түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 4 059,3 миллион сомго көбөйгөн. Министр 2020-жылда республикалык бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 163 710,4 миллион сом деп пландалып жатканын билдирди.

Президент өлкөнүн Улуттук өнүктүрүү стратегиясында бир катар артыкчылыктуу багыттар аныкталганын эске салды. Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн бюджеттик саясатынын негизги багыттары конкреттүү жыйынтыктарга багытталышы керектигин баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан