Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Араб Эмираттарынын билим берүү министри Хуссейн бин Ибрагим Аль Хаммади башында турган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары жана келечектери тууралуу пикир алмашуу болду.
Мамлекет башчы жакында БАЭге жасаган расмий визити ийгиликтүү өткөнүн, өлкөнүн жогорку жетекчилиги менен бир катар жолугушуулар болуп, кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланып, жакынкы келечекке карата пландар белгиленгенин канааттануу менен белгиледи.
Президент өз ара пайдалуу бардык багыттар боюнча Бириккен Араб Эмираттары менен эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ал 10-январда Кыргыз мамлекетинин министрликтери жана мекемелердин жетекчилери менен кызматташуунун келечегин талкуулоо үчүн жолугушуулар өтө тургандыгын белгиледи.
Хуссейн бин Ибрагим Аль Хаммади Кыргыз мамлекети менен кызматташууну өркүндөтүүгө Эмират тарап даяр экендигин дагы бир жолу тастыктады.
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну тереңдетүүгө жана жетишилген макулдашууларды натыйжалуу ишке ашырууга өз ара даяр экендиктерин билдиришти.