Талас алтын кен комбинатынын алтын өндүрүүчү фабрикасында өндүрүштү жөнгө салуу иштери башталды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, башкы жалданма компания "AAEngineering Group" курулуш-монтаждоо иштеринин негизги көлөмүн, анын ичинде башкы конструкцияларды тургузуу, жабдууларды негизги технологиялык орнотуу жана түтүктөрдү монтаждоону аяктаган. "Калдык сактоочу жайдын, баштапкы кен кампасы менен аянттар аралык жолдун жана башка инфраструктуралык объекттердин курулушу толук бүткөн. Мында кен казуу иштери күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Учурда кампада тоннасына орточо 1 килограмм 200 грамм алтын камтылган 8,1 тонна кен топтолду.
Кен иштетилип баштагандан бери Кыргыз мамлекетинин бюджетине салык төлөмдөрүнүн түшүүсү көбөйүүдө. 2020-жылы салыктык чегерүүлөрдүн суммасы дээрлик 2 миллиард сомду түзөт. 2015-жылдан 2020-жылдын 1-январына чейин ишкана 611 миллион 912 278 сом өлчөмүндө салык төлөдү", - деп жазылат маалыматта.