КҮНСОБОЛ: Кыргыз-Тажик чек арасы такталып бүткөнгө чейин карапайым калктын коопсуздугун камсыз кылуунун жолдору барбы? Медетбеков: "Бул маселе чечилмейинче ушуга окшогон жагдайлар кайталана берет"

10-январга караган түнү Баткен районунун Жака-Өрүк жергесинде белгисиз адамдар Баткен шаарына бара жаткан Кыргыз жаранына таандык унааны таш менен урушкан. Унаанын ичиндеги Кыргыз жарандарынын арасынан жаракат алгандар бар экендиги маалымдалды. Болжол менен бир сааттан кийин Баткенден Көк-Ташка кетип бара жаткан дагы бир Кыргыз жаранынын унаасын тажиктер Көчө-Карын жергесинде таш менен урушкан. Саат 02:40та Дахма жергесинде Тажикстандын жарандары Кыргыз жаранынын үйүнө таштарды ыргыткан. Жабырлануучунун үйүнө укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен бирге бараткан чек арачылар Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан чыккан окко учурашты. Ок атуулар Тажик тараптан гана чыгып жатканын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

SUPER.KG порталы "Кыргыз-Тажик чек арасында дагы ок атылды. Эки өлкөнүн ортосундагы чек ара такталып бүткөнгө чейин карапайым калктын коопсуздугун камсыз кылуунун жолдору барбы?" деген собол салды.

УКМКнын төрагасынын мурунку орун басары Артур Медетбеков Кыргыз-Тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси чечилмейинче ушуга окшогон жагдайлар кайталана берет деген пикирде.

"Элдин коопсуздугу боюнча эч ким кепилдик бере албайт. Делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси чечилсе деле кыргыздар менен тажиктер жакын жашаса бири-бирине таш ыргытуу, ар кандай жаман сөздөрдү айтуу же болбосо мергенчилик мылтыктар менен атуу боло берет. Ошон үчүн бул маселе толугу менен такталып бүтмөйүнчө элдин, мамлекеттин коопсуздугуна дагы чоң коркунуч жаратат. 2000-жылдан бери комиссия иштеп жатат. Бирок 20 жылдан бери эч кандай тыянак жок", - дейт Медетбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан