10-январга караган түнү Баткен районунун Жака-Өрүк жергесинде белгисиз адамдар Баткен шаарына бара жаткан Кыргыз жаранына таандык унааны таш менен урушкан. Унаанын ичиндеги Кыргыз жарандарынын арасынан жаракат алгандар бар экендиги маалымдалды. Болжол менен бир сааттан кийин Баткенден Көк-Ташка кетип бара жаткан дагы бир Кыргыз жаранынын унаасын тажиктер Көчө-Карын жергесинде таш менен урушкан. Саат 02:40та Дахма жергесинде Тажикстандын жарандары Кыргыз жаранынын үйүнө таштарды ыргыткан. Жабырлануучунун үйүнө укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен бирге бараткан чек арачылар Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан чыккан окко учурашты. Ок атуулар Тажик тараптан гана чыгып жатканын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
SUPER.KG порталы "Кыргыз-Тажик чек арасында дагы ок атылды. Эки өлкөнүн ортосундагы чек ара такталып бүткөнгө чейин карапайым калктын коопсуздугун камсыз кылуунун жолдору барбы?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев бул маселе өтө оор болуп жатканын белгиледи. "Чек ара маселеси боюнча парламентте да көп көтөрөбүз. Үнүбүз өкмөткө жетпей жатат. Жумушка чыкканда дагы бул маселени көтөрөбүз. Бул жерде чек ара маселеси боюнча атайын комиссиянын курамы Бишкекте отурушат. Алардын мындан тышкары толтура башка жумуштары бар. Ошол эле Жеңиш Разаковду карап көрсөңүздөр башка толтура маселелерге жооп берет. Комиссия толугу менен Баткенге көчүп барышы керек. Башка ыйгарым укуктарынан ажаратылышы шарт. Алар башка эч нерсе менен алектенбеши зарыл. Качан гана алар ушул маселе менен күнү-түнү отурганда жылыш болот эле. Комиссиянын курамы ызы-чуу чыкканда гана реакция кылып коюп отура бергени болбойт", - дейт Маматалиев.