"ЭлТР" телерадиоберүү компаниясынын директору Айбек Мусаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал берген арызынын негизинде кызматтан бошотулду. Анын ордуна Керимбек Калыкулов дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Керимбек Калыкулов 1981-жылы туулган. Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 2014-жылдын июль айынан бери Керимбек Калыкулов "Телеканал ОшТВ" ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеп келген.