Саясатчы Бектур Асанов: "Бардык мамлекеттерде Куралдуу күчтөр өлкөнүн борборунда жайгашкан. Стратегиялык объекттер мамлекеттин борборунда болушу керек". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 13-январда Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундары чек арадагы ок атышуу, таш ыргытуу кадимки көрүнүшкө айланып бара жатканын айтышты. Алар Кыргыз-Тажик чек арасында улам-улам абал курчуп жаткандыгына байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн Куралдуу күчтөрүн жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигин Баткен облусуна көчүрүү керек деген өтүнүчтөрү бар экендигин билдиришти.

SUPER.KG порталы "Чек ара маселелери чечилип бүткөнгө чейин Куралдуу күчтөрдү өлкөнүн түштүк аймагына көчүрүү керек деген сунуштар айтылууда. Мындай демилгени колдоо керекпи?" деген собол салды.

Саясатчы Бектур Асанов стратегиялык объекттер мамлекеттин борборунда болушу керек деген пикирде.

"Жергиликтүү эл айтканы менен болбойт. Буга окшогон маселе мамлекеттик деңгээлде чечилиши керек. Бир-эки киши каалагандай болбойт да. Бул жерде мамлекеттик деңгээлде өтө кылдат мамиле кылуу зарыл. Бардык мамлекеттерде Куралдуу күчтөр өлкөнүн борборунда жайгашкан. Стратегиялык объекттер мамлекеттин борборунда болушу шарт. Куралдуу күчтөрдү көчүргөнгө каршымын", - дейт Бектур Асанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан