Бүгүн, 13-январда Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундары чек арадагы ок атышуу, таш ыргытуу кадимки көрүнүшкө айланып бара жатканын айтышты. Алар Кыргыз-Тажик чек арасында улам-улам абал курчуп жаткандыгына байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн Куралдуу күчтөрүн жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигин Баткен облусуна көчүрүү керек деген өтүнүчтөрү бар экендигин билдиришти.
SUPER.KG порталы "Чек ара маселелери чечилип бүткөнгө чейин Куралдуу күчтөрдү өлкөнүн түштүк аймагына көчүрүү керек деген сунуштар айтылууда. Мындай демилгени колдоо керекпи?" деген собол салды.
Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев мурдатан бери эле бир топ министрликтерди, кызматтарды өлкөнүн түштүк аймагына көчүрүү керек деген пикирлер айтылып келгенин белгиледи. "Негизи мурдатан мындай пикирлер айтылып келген. Бул колго аларлык нерсе. Биз муну башыбызга кыйынчылык болгондо гана ойлонуп жатабыз. Андан тышкары, маселе түп тамыры менен чечилиши үчүн сүйлөшүү болуш керек. Армияны алып барып, күч менен тартып алам деген жол жакшы эмес. Сүйлөшүүнүн өзүнүн техникасы болот. Эки тарап тең меники туура дей беришет. Эч ким жерин бергиси келбейт. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо үчүн ортоңку кызыкчылыкты табыш керек. Реалдуу сүйлөшүүгө бармайынча, чырлар маал-маалы менен боло берет", - дейт Качкынбаев.