Cалык жана бажы жол-жоболорун санариптештирүү боюнча координациялык кеңештин жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдиргендей, салык жол-жоболорун фискалдаштыруу боюнча жүргүзүлгөн реформанын негизги максатты - жеке ишкерликти коргоо, көмүскө экономика менен күрөшүү жана ишкерликте таза атаандаштыкты түзүүнү аткарышы керек.
"Айрым эксперттердин маалыматы боюнча, көмүскө экономиканын үлүшү 24төн 43 пайызга чейин жетет. Эгерде салыктык төлөмдөрдү чебер башкарса, көптөгөн социалдык маселелерди чечсе болот. Фискалдаштыруу боюнча реформанын жыйынтыгы, биринчи калктын социалдык жактан аярлуу катмарын колдоого багытталат. Бирок эң негизгиси – бул реформа адилеттүүлүктү орнотушу керек", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Премьер-министр кийинки жыйынга чейин долбоорлорду аягына чейин иштеп чыгып, аларды жакшыртуу сунуштарын киргизүүнү тапшырды. Ал бизнести колдоо жана салык кызматына калктын ишеним деңгээлин арттыруу боюнча коюлган максаттарга жетүү үчүн жаңы долбоорлорду ишке киргизүү зарылдыгын баса белгиледи.