Парламент комитетинде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын ишинин жыйынтыгы жабык эшик артында каралууда

Бүгүн, 14-январда Жогорку Кеңеш комитетинде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын ишинин жүрүшү жөнүндө маселе каралууда.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев жыйынды жабык эшик артында кароону сунуштады. Депутаттар сунушту колдошту.

Баяндаманы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жасамак. Бүгүн, 14-январда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тажик тарап менен чек арадагы абал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Анын ордуна башка комиссиянын мүчөлөрү маалымат беришет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан