КҮНСОБОЛ: Бул жылы президент Сооронбай Жээнбековдон эмнелерди күтөсүз? Мамашова: "Президенттен, өкмөттөн балдарды коргоо боюнча жаңы программаларды күтөм"

2020-жылы Кыргыз мамлекетинде парламенттик шайлоо өтөт. Көпчүлүктү быйыл өтө турган шайлоо кызыктырып турган кез. Ошону менен катар эле быйыл президент Сооронбай Жээнбеков "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" деп жарыялады. Коомчулук бийлик тарабынан бул жылы кандай алгылыктуу иштер аткарылат деп күтүшүүдө.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Бул жылы президент Сооронбай Жээнбековдон эмнелерди күтөсүз?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова президенттен, өкмөттөн балдарды коргоо боюнча жаңы программаларды күтө турганын билдирди.

"Балдарды колдоо жылы" деп кошулуп белгиленди. Ошондуктан президенттен, өкмөттөн балдарды коргоо боюнча көптөгөн жаңы программаларды күтөм. Эки жылдан бери Жогорку Кеңеш балдарды коргоо жылы деп белгилөө боюнча сунуш айтып келгенбиз. Балдарга байланыштуу көйгөйлөр көбөйүп кетти", - дейт Мамашова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан