Бүгүн, 14-январда саясатчы Адахан Мадумаров маалымат жыйын өткөрүүдө. Анда ал чет өлкөдөгү Кыргыз жарандарынын шайлоодогу укуктары корголбой жатат деп Орусиянын тышкы иштер министрине расмий кат жөнөтө тургандыгын айтты. Андан кийин журналисттер ага "келе жаткан күздө өтө турган парламенттик шайлоого сиздердин партия катышабы?" деп суроо салышты.
"Биз сөзсүз, шайлоого барабыз. Биздин съезддер шайлоо күнү белгиленгенден кийин өтө баштайт. Ал эми кайсы бир партия биз менен биригүүгө кызыкдар болсо, биз ачыкпыз. Бирок "биригүү" деген көзгө өтө кылдат карап калганбыз. Биригүүнүн алдында башка, биригип иш жүрүп жатканда башкача өзгөрүп кеткендерден абайлоо керек. Бул үчүн шайлоодогу мыйзамдар иштеши зарыл. Жалпысынан биздин партияда 110 миң мүчө бар. Парламенттик шайлоо - коомду таразага салат, канчалык туруктуу, канчалык аң сезими өнүккөндүгүнөн кабар берет. Эгер аң сезими төмөн болсо анда убактылуу ойлонуп, акчага добушун сатып коё беришет. Бирок Кудайга шүгүр, азыр жаштардын аң сезими абдан өстү, коомчулуктун аң сезими жогоруулады", - деди ал.