Вице-премьер Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча: "Эки элдин жашоосу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында территорияны алмашуу варианты дагы четке кагылган жок"

Өзбекстан жана Тажикстан менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маселе президенттин, премьер-министрдин туруктуу көзөмөлүндө. Бул багытта дипломатиялык линия боюнча туруктуу иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ал 2019-жылы Кыргыз-Тажик мамлекет башчыларынын жолугушуусунда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштерди туруктуу негизде жүргүзүү жөнүндө тапшырма берилген.

"Мамлекет башчылардын тапшырмасы менен вице-премьер-министрлер жетектеген өкмөттүк делегациялардын жолугушуусу болуп, анда үч багыт боюнча иш-чаралар белгиленген. Биринчиси – делимитация жана демаркациялоо боюнча туруктуу иштеп жаткан жумушчу топтордун иш графиги түзүлүп, аныкталды. Экинчи – эки өлкөнүн топографиялык топторунун жетекчилеринин иш графиги түзүлдү, биз тараптан Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Каныбек Ботобаев иш алып барат. Үчүнчү – ири масштабдагы топографиялык карталар менен түзүүнүн үстүндө иштей турган техникалык группанын иш графиги түзүлдү. Делимитация – бул өтө оор процесс жана чек ара сызыгын метрге чейин аныктоого мүмкүн болгон ири масштабдагы карта керек. Өткөн убакыттын ичинде ар кандай деңгээлдеги 20дан ашык жолугушуу болду. Техникалык топтун ишинин акыркы маалыматтары боюнча 134 ири масштабдагы топографиялык карта даярдалды, дагы 4-5ти даярдоо керек. Мамлекеттик чек араны делимитациялоо үчүн иш майданы, иштөө инструменттери түзүлдү", - деди вице-премьер-министр.

Жеңиш Разаков мындан аркы чек ара сызыгын чийүү боюнча иштер тажик тарап менен активдүү жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Айрым маселелер боюнча эки өлкөнүн позициясы бири-бирине дал келбесе, башка айрым позициялар боюнча туура келүүдө.

"Биз бул иштерди мындан ары дагы улантышыбыз керек, анын ичинде эки элдин жашоосу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында территорияны алмашуу варианты дагы четке кагылган жок. Бизде үйлөрү шахмат тартибинде жайгашып калган айылдар бар. Булар: Көк-Таш, Таш-Тумшук, Мазиеттин жери. Кандайдыр бир чыр-чатак жаралган учурда үйлөр шахмат тартибинде жайгашып, эки өлкөнүн калкы аралаш жашагандыктан, биздин укук коргоо, күч органдарынын аракеттенүүсүнө кыйла кыйын болууда", - деди Жеңиш Разаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан