Депутат Исхак Масалиев: "Президенттен парламенттик шайлоодо калыстыкты көрсөтүшүн күтөм". КҮНСОБОЛ

2020-жылы Кыргыз мамлекетинде парламенттик шайлоо өтөт. Көпчүлүктү быйыл өтө турган шайлоо кызыктырып турган кез. Ошону менен катар эле быйыл президент Сооронбай Жээнбеков "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" деп жарыялады. Коомчулук бийлик тарабынан бул жылы кандай алгылыктуу иштер аткарылат деп күтүшүүдө.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Бул жылы президент Сооронбай Жээнбековдон эмнелерди күтөсүз?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев бул жылы президенттен калыстыкты күтө турганын айтты.

"Парламенттик шайлоо боюнча президент тарабынан тоскоолдуктар болбосо жакшы болмок. Мамлекет башчыдан шайлоо босогосу менен күрөөнү төмөндөтүү боюнча колдоону күтөт элем. Президент жакшы көргөн, жаман көргөн партияларга бөлбөй калыстыкты көрсөтүшүн күтөм", - дейт Масалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан